• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүкөндө иштеген кызга кол көтөргөн деп шектелип такси айдоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Дүкөндө иштеген кызга кол көтөргөн деп шектелип такси айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматынан билдиришкендей, 2019-жылдын 13-май күнү Октябрь районунун милиция кызматына Н.А. аттуу жаран кайрылып, 12-май күнү болжол менен саат 19:30да Суванбердиев көчөсүндө жайгашкан "Лимон" дүкөнүнүн ичинде 25-30 жаштагы жаран сөгүнүп, себепсиз кол көтөргөнүн билдирген. Ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

"Октябрь районунун милиция кызматкерлери жүргүзгөн издөө иштеринин жүрүшүндө шектелүүчү жүргөн унаанын үлгүсү менен мамлекеттик номерлери жана ал "Жорго" компаниясында такси айдоочусу болуп иштей турганы аныкталган". - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 4-июль күнү 37 жаштагы К.М аттуу жаран Октябрь районунун милиция бөлүмүнө алынып келген.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак, 12-май күнү болжол менен саат 19:20да "Лимон" дүкөнүндө такси айдоочусу акча алмаштырбай койгондугу үчүн кассир кызга кол көтөргөндүгү айтылган.

Пикир

Оставить комментарий