• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Д. Кемелова ЕККУнун Азия конференциясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Берлин шаарында 19-20-июнда ЕККУ Азия конференциясы өтүп жатат. Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова баштап барган. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Конференциянын алкагында ЕККУ мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү Уюмдун азиялык өнөктөштөрү менен биргеликте (Австралия, Афганистан, Корея Республикасы, Таиланд жана Япония) туруктуулукту бекемдөө жана коопсуздук, аймакта экономикалык байланыштарды кеңейтүү талкууланат.

Конференциянын ачылышында ЕККУ Башкы катчысы Ламберто Заньер эл аралык жана аймактык уюмдардын заманбап коркунучтарга жана чакыртарга каршы аракеттерде маанилүүлүгүн белгилеп, азиялык өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга чакырды. Кыргызстандагы ЕККУ Академиясынын аймактын жарандарын окутуудагы потенциалын белгилеп, делегацияны Академияга колдоо көрсөтүүгө үндөдү.

Өз сөзүндө Кемелова Уюмдун ишмердигинин экономикалык бөлүгүн күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз делегациясынын башчысы аймактык кооперация маселесине өзгөчө көңүл бурду. Анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө кеңири кызматташууга жол ачкан көп тараптуу аймактык платформаны түзүү баса белгиленди.

Мындан тышкары Кемелова транспорттук инфраструктура, товар жүгүртүүгө шарттарды түзүү, чек ара соодасын өнүктүрүү маселелерин чечүү маанилүү экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий