• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион убактылуу жабылды

Спорт 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, санитардык-эпидемиологиялык абалды камсыз кылуу жана өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын тарашына бөгөт коюу максатында Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук арена 20-марттан тарта убактылуу жабылат.

Белгилей кетсек, стадиондо эл аралык квалификациялык мелдештерге жана Олимпиада оюндарына даярданып жаткан Кыргызстандын курама командаларынын мүчөлөрү гана машыга алышат.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий