• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду иретке келтирүү керек – Өмүрбекова

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтө турган Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Стадиондун жана Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Алтынай Өмүрбековага стадиондун, футбол аянтчасынын жана секиченин алдындагы бөлмөлөрдүн абалы тууралуу маалымат беришип, стадионду оңдоп-түздөө, айрым отургучтарды алмаштыруу керектигин белгилешти.

Алтынай Өмүрбекова акыркы учурларда өлкөдө футболго кызыккандардын саны көбөйүп жатканын айтты. Анын айтымында, күйөрмандар футбол боюнча Улуттук кураманын тандоо турундагы оюндарын чыдамсыздык менен күтүүдө.

«Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туруна атаандаш командалар гана эмес, алардын күйөрмандары, эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да келет. Ошондуктан стадионду иретке келтирүү керек», – деди вице-премьер-министр.

Ал мындан бир нече жыл мурда Кыргыз Республикасы менен Австралиянын курама командаларынын Бишкекте өткөн беттешинде күйөрмандар бир топ уу-дуу болгонун эске салып, бул жолу ошондой кырдаал кайталанышы ыктымал экенин айтты. Алтынай Өмүрбекова футбол болуп жаткан учурда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Вице-премьер-министр стадиондун жана Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине зарыл болгон чараларды кабыл алууну жана аренаны даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун квалификациялык раундунда Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы F тайпасына Япониянын, Тажикстандын, Монголиянын жана Мьянманын командалары менен туш келди. Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү Катар мамлекетинде 2022-жылы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий