• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Дүрбөлөңгө түшпөгүлө!” Маймыл чечеги пандемия деп жарыяланган эмес

Ден соолук 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги бир катар ЖМКлар тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечегинин чыгышын пандемия деп жарыялагандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Ведомстводон билдиришкендей, ушул сыяктуу маалыматтарды талдоодо, шилтеме World Health Network сайтына жасалганы аныкталган, анын мындай билдирүү жасоого мандаты жок.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-июнунда ДССУ маймыл чечегинин чыгуу коркунучун баалоо үчүн чукул комитет чакырган. Буга байланыштуу www.who.int расмий сайты аркылуу ДССУнун расмий билдирүүлөрүнө, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин расмий билдирүүлөрүнө көз салуу зарыл.

"ЖМКларды жана жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз, бул жалпы психикалык-эмоционалдык маанайга терс таасирин тийгизип, ошондой эле дарыкана түйүндөрүндө жасалма толкундоону жаратышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегин пандемия деп жарыялоого эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий