• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Д.Орунбековго мунапыс колдонулганы менен анын 2 млн айып пул төлөө жоопкерчилиги күчүндө

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Дайырбек Орунбековго мунапыс колдонулганы менен анын 2 млн сом айып пул төлөө жоопкерчилиги күчүндө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Д.Орунбеков 2014-жылы 30-сентябрда “maalymat.kg” сайтына Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала жарыялагандыгы үчүн КР Башкы прокуратурасы сотко кайрылып, Аламүдүн райондук соту 2015-жылдын 29-июнунда Орунбеков Дайырбек Тейишовичке карата жарандык ишти караган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала тараткандыгы үчүн моралдык компенсация катары Д. Орунбековдон 2 млн сом айып пул төлөө чечимин чыгарган.

Бул чечим 2015-жылы 3-сентябрда Чүй облустукк соту тарабынан күчүндө калтырылган.

Бирок, Д.Орунбеков айып пул төлөө тууралуу соттун чечимин аткарган эмес. Ушуга байланыштуу Орунбековго карата Аламүдүн районунун сот аткаруучусу тарабынан сот аткаруу өндүрүшү козголгон. 2015-жылдын 2-декабрында Орунбековго өз ыктыяры менен 10 күндүн ичинде соттун чечимин аткаруу сунушу берилген. Кийин да бир нече жолу жалган маалыматты төгүндөөсү тууралуу эскертүү алган. Соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн анын үстүнөн жазык иши козголгон.

2017-жылдын 10-февралында Октябрь райондук сотунда жогорудагы жазык иши боюнча ачык соттук процесси өттү.

Октябрь райондук соту бул жазык ишти кароодо, Д. Орунбековго карата анын мурун соттолбогондугун эске алуу менен жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырып, мунапыс колдонуп, жазык ишти кыскарткан. 2017-жылы 27-мартта Бишкек шаардык соту бул токтомду күчүндө калтырган.

Бирок, баса белгилей кетчү нерсе, Д.Орунбековго карата чыккан Аламүдүн райондук сотунун 2015-жылы 29-июндагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала тараткандыгы үчүн моралдык компенсация катары 2 млн сом айып пул төлөө чечими күчүндө жана аткарылууга милдеттүү.

https://ssl.gstatic.com/ui/v1/icons/mail/images/cleardot.gif

Пикир

Оставить комментарий