• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Д.Жумабеков Ысык-Көл облусундагы Р.Жангазиев атындагы мектептин курулушу менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында жайгашкан Р.Жангазиев атындагы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда аталган айылда 3682 тургун жашап, 700дөй мектеп окуучусу бар. Ал эми Р.Жангазиев атындагы орто мектептин эски имаратында 8-класстан 11-класска чейинки 189 окуучу окуса, калгандары жаңы имаратта билим алат.

Эки корпустуу мектеп имаратынын курулушу 2014-жылдын декабрь айында башталган. Жалпы сметалык баасы 48766,9 млн. сом деп эсептелип, бүгүнкү күнгө жалпы которулган акча каражаты 10121,4 млн. сомду түзгөн.

Жергиликтүү тургундар мектеп имаратынын курулушунун кечеңдеши, пайдубалында жаралган жаракага байланыштуу экенин билдиришти. Бирок, куруучулар көрсөтүлгөн стандарттарга ылайык куруу иштери жүргүзүлгөнүн маалымдашып, пайдубалындагы жарака жердин чөгүп кетүүсүнүн же жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсүнүн кесепетинен келип чыкты деген пикирде экендиктерин кошумчалашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков социалдык мекемелер ыкчам бүткөрүшү керектигин белгилеп, бирок бул мектептин пайдубалындагы жарака кооптуу экенине токтолду.

“Имаратты бүткөрүп, аны колдонууга берүүдөн мурун курулуштун тиешелүү документтерин тыкыр иликтеп чыгуу керек. Мектеби эскирип, колдонууга жараксыз болуп калган бул айылга коопсуз, заманбап жаңы мектеп зарыл”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле ал аталган мектептин курулушун өз көзөмүнө аларын билдирип, окуучулар үчүн компьютерлерди жана принтерлерди белеке берди.

Пикир

Оставить комментарий