• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМдин статс-катчысы жана Афганистандын элчиси Памирдеги кыргыздарды колдоо маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Иса Месбах менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кыргыз-афган мамилелеринин азыркы абалын жана перспективасын - соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү, Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына афган спортчуларынын катышуусу боюнча талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында алар эки тараптуу байланыштарды активдештирүүнү, жогорку деңгээлдеги иш сапарларын уюштурууну жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик укуктук базаны кеңейтүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий