• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дааратканада камалган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар – Эмгек министрлиги атайын комиссия түздү

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Буга чейин айрым ЖМКларда Бишкектеги карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардык мекемесинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерди муздак дааратканага камап жатканы туурасында маалымат тараган.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.

Анын айтымында, министр буйрукка кол койгондон тарта текшерүүлөр башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган мекемеде тартипти бузган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дааратканада бекитип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий