• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дааратканада табылып, оор абалдагы наристеге байланыштуу кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 1-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек милициясы даараткананын чуңкурунан табылган наристеге байланыштуу кылмыш ишин козгоду. “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш иши 28 жана 100-чү “Адам өлтүрүү аракети” жана “Жаңы төрөлгөн наристени өлтүрүү” беренелери боюнча козголгон.

“Учурда баланын энесинин өздүгүн аныктоо ыкчам иштери жүрүүдө”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал арада, “Кабар” агенттигине саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, ымыркайдын абалы оор бойдон. Ал жандандыруу бөлүмүндө.

Эскерте кетсек, жаңы төрөлгөн кызды Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунан табышкан.

Пикир

Оставить комментарий