• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дача СУда “Боинг-747” учагы кулаган жерде каза болгондорго мемориал ачылды

Коом 0


Бишкек, 14.01.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында түрк жүк ташуучу “Боинг 747” учагы кулаган жерде каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылды.

Иш-чаранын ачылышына каза болгондордун жакындары жана туугандары, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Абулгазиев учак кырсыгынан каза болгондордун жакын туугандарына көңүл айтты. Ал жардам Кыргызстандын бардык жагынан көрсөтүлгөндүгүн эске салды. Жардамды жаш балдар жана кары-картаңдар да көрсөткөн.

Анын айтымында, учак кырсыкка учурады деп маалымат түшөөрү менен өлкө жетекчилиги тарабынан жабыркагандарга жардам жеткирүү маселеси көзөмөлгө алынган, өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Бардык жабыркагандарга оперативдүү түрдө жардам көрсөтүлгөн.

“Бул трагедия Кыргызстан элинин биримдигин жана достугун дагы бир жолу көрсөттү. Кырсыкка эч ким кайдыгер карап турган жок. Бирөөлөр ысык тамак-аш, башкалары – жылуу кийим, балдар өз оюнчуктары менен бөлүшүп, пенсионерлер өз акчаларын беришти. Бардыгына ыраазычылык билдиребиз”,-деди Абулгазиев.

Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары билдиргендей, адамдын өмүру эч кандай акчага татыгыс, бирок кантсе да кырсык болгондугуна байланыштуу, акча төлөнүш керек болчу.

“Өкмөт каза болгондордун жакындарына жана туугандарына түшүп жаткан акчага кийлигишкен жок. Жабыркагандардын өздөрүнүн ичинде жардамды бөлүштүрүү боюнча топ түзүлгөн. Авиакомпания бардык жабыркагандарга акча төлөп берди. Жабыркагандар тарабынан нааразычылыктар жок”,-деп билдирди ал.

Андан сырткары, маркумдарды эскерүү үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү да келишти.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан.

Авиакырсыктын кесепетинен 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жарандары каза болгон. 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланган.

(сүрөт Роман Гайнановдуку)

Пикир

Оставить комментарий