• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дача-Суда болгон авиакырсыктын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-Су айылында Боинг-747 жүк ташуучу самолету менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссияны түзүү жөнүндө » Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 16-январынын таңында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-Су айылына Боинг-747 жүк ташуучу самолету кулаган. Анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары – айылдын 35 тургуну жана Түркия Республикасынын жарандары – экипаждын 4 мүчөсү каза болгон. Расмий версия боюнча Стамбул шаарына (Түркия) учуп бара жаткан самолет май куюу үчүн “Манас” аэропортуна багыт алган. Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясы Дача-Судагы авиациялык кыйроону иликтөөнүн натыйжалары боюнча бүткөн отчетун үч жылдан кийин, 2020-жылдын февралында жарыялаган. Учкучтардын кетирген катасы – кыйроонун башкы себеби деп аталган.Ошол эле учурда Дача-Судагы кайгылуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин деле самолеттун кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн деген суроолор жоопсуз калууда.Авиациялык кыйроонун себептерин жана шарттарын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө, Дача-Су айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

  1. 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-Су айылында Боинг-747 жүк ташуучу самолету менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссия (мындан ары – коомдук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Коомдук комиссияга төмөнкүлөр сунушталсын:– коомдук комиссиянын ишинин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү;– өзүнүн иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына мезгил-мезгили менен маалымдап туруу.
  3. Коомдук комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборуна жүктөлсүн.
  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, министрликтер, административдик ведомстволор, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Жарлыктын 1-пунктун ишке ашырууда коомдук комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, коомдук комиссиянын суроо-талабы боюнча анын иши үчүн зарыл болгон бардык материалдарды жана документтерди ыкчам тартипте берип турсун.
  5. Коомдук комиссия иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана жарандарды ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
  6. Коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-Су айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды берсин.

Коомдук комиссиянын курамы:

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович – коомдук ишмер, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Абдирасулова Гульшайыр Жанызаковна – укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Алимова Дилбар Ташбаевна – журналист-иликтөөчү, (макулдашуу боюнча);

Алимов Бекзат Шералиевич – «Эйр Манас» авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору (макулдашуу боюнча);

Алканова Элнура Сайдиракманова – «Ачык маалымат фонду» коомдук фондунун башкармасынын төрагасы;

Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич – жарандык активист (макулдашуу боюнча);

Боронов Кубатбек Айылчиевич – коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Исмаилова Толекан Асаналиевна – укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Кайрат Кенжебай уулу – «Стоп Беспредел» маалыматтык сайтынын башкы редактору (макулдашуу боюнча);

Култаев Кубанычбек Зулуевич – адвокат, милициянын отставкадагы полковниги (макулдашуу боюнча);

Махмудов Тимур Шаванович – жарандык активист (макулдашуу боюнча);
Ошурахунова Динара Мажановна – укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Токтакунов Мухаммедали (Али) Нурмаматович – журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);

Токтакунов Нурбек Акбарович – укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Турдукулов Адиль Ильясович – журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);

Турусбеков Бактыбек Сагындыкович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын экс-депутаты (макулдашуу боюнча);

Убышева Эркингуль Мукашевна – укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Четимбаев Самсаалы Темирбекович – жарандык активист (макулдашуу боюнча).

Пикир

Оставить комментарий