• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дача-Суда каза болгондордун туугандары Түркияга эс алууга кетишти

Өкмөт 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача-Су айылындагы «Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркия Республикасынын Анталья шаарына эс алууга кетишти. Бул Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссиянын түрк тарап менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы. Эс алууга кеткен бардык 39 жарандын чыгымдарын түрк тарап өзүнө алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Каза болгондордун туугандары менен болгон жолугушууда Мухамметкалый Абулгазиев Өкмөттүк комиссия түрк тарап менен, анын ичинен «ACT Airlines» жана камсыздандыруу компаниялары менен каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

«Түрктөр тарап менен сүйлөшүүдө каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды реабилитациялык этаптан өткөрүүдө балдар үчүн эс алуу уюштуруу боюнча да шарттар коюлган. Өкмөттүк комиссиянын иши аягына чыгар алдында турат. Компенсациялар төлөнүп берилгенден кийин түрк тарап менен биргеликте, берилген компенсациялар жана жарандардан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу кеңири отчет берилет», – деди Биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр бул жолку эс алуу болуп өткөн окуядан кийин стресстен арылып, жеңилдөөгө жардам берерине ишеним артарын билдирди.

Бир жумалык эс алууда маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдар каралган. Бул аралыкта Түркияга кеткен каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды эки медицина кызматкери, бир психолог жана жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий