• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Дача СУда" жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жана Ведомстволор аралык топтун ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Өкмөт 0


Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 16-январында «Дача СУ» айылында «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясына тиешелүү болгон «Боинг-747» учагынын кыйрашынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жана Ведомстволор аралык топтун жыйынтыктоочу отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жана Ведомстволор аралык топтун ишин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзү жеке көзөмөлүнө алганын баса белгиледи.

«Кырсык болгондон киийн 8 ай аралыгында Өкмөттүк комиссия Ведомствлор аралык топ менен бирге каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга убактылуу жашоочу турак жай таап берип, аларды медициналык көзөмөлдөн өткөрүп турууга жана керектүү муктаждыктарын берип, моралдык-психологиялык жактан колдоо көрсөтүү иштерин аны менен катар бардыгына келтирилген чыгымдарына жараша компенсацияларды алууга толук шарт түзүп берди», — деди ал.

Президентик Аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев маалымдагандай, аткарылган иштердин жыйынтыгында 135 макулдашууга кол коюлуп, анын негизинде авиакырсыктан жабыркаган жарандар жана каза болгондордун туугандары түрктөр тарабынан тиешелүү компенсацияларды алышты.

Өкмөттүк комиссиянын төрагасы жеке жана юридикалык жарандарга, эл аралык умюдардын өкүлдөрүнө авиакырсыктан жабыркагандарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келген каражат ачык жана калыс бөлүштүрүлгөнүн кошумчалады.

«Компенсациялардын суммасы жабыркагандар менен бирге макулдашылган. Бүгүнкү күндө бардык тиешелүү болгон каражаттар толук көлөмдө түрктөр тарабынан которулду. Түрдүү уюмдардан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебиндеги каражат жабыркагандардын ар биринин жеке эсебине которулган», — деди М.Абулгазиев.

Жабыркагандардын өздөрүнүн суранычын, айрым этикалык талаптар жана коопсуздук жагын эске алуу менен которулган компенсациялардын суммасын ачыкка чыгарбоо чечими кабыл алынды.

Тоголок жана жарым жетим калган балдарга компенсация улуттук жана чет элдик валюта менен депозиттик эсебине которулду. Ал сумманы балдар 18 жашка толгондо ала алышат.

Аны менен бирге Өкмөттүк комиссия тарабынан турдүү документтерди калыбына келтирүү боюнча да бир топ иштер аткарылды. Тактап айтканда жабыркагандарга паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто билими тууралуу аттестат, айдоочулук күбөлүк, турак жайынын документтери жана нике күбөлүктөрү кайрадан жасалып берилди. Каза болгондордун туугандары жакынынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилди. Мындан сырткары медициналык жана психологиялык жардамдар берилип, — жыйынтыгында «ACT Airlines» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдөн улам, 34 жаран Түркия Республикасынын Анталия шаарына барып, реабилитациялык эс алуудан өтүп келишти.

Мындан сырткары каза болгондорду эскерүү жана кырсык болгон жерге аларга арнап эстелик мемориал орнотуу боюнча да атайын керектүү финансылык каражат бөлүнө турган болду.

Жыйынтыктоочу отурумдан кийин Өкмөттүк комиссиянын, Ведомстволор аралык топтун жана «ACT Airlines» авиакомпаниясынын өкүлдөрү маркумдардын жакындары жана жабыркагандар менен жолукту.

Жолугушууда каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары көрсөтүлгөн колдоолор үчүн ыраазычылык билдиришти.

Өкмөттүк комиссиянын, Ведомстволор аралык топтун жана «ACT Airlines» авиакомпаниясынын өкүлдөрү каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына дагы бир ирет көңүл айтышты.

Маалымдама: 2017-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасы оор трагедиялуу окуяны башынан өткөрдү. ACT Airlines (MyCargo) компаниясына тиешелүү болгон Гонконгдон Стамбулду көздөй багыт алган Boeing-747-400F үлгүсүндөгү учак «Манас» эл аралык аэропортунун айланасындагы «Дача СУ» бак-дача тибиндеги айылга кулаган.

Авиакырсыктын жыйынтыгында 39 киши каза болгон, анын төртөө экипаждын мүчөлөрү, Түркия Республикасынын жарандары жана 34 ошол айылда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын бир жараны жабыркаган жаранга жардам берип жатып, авиакырсыктын кесепетинен каза болгон. 2017-жылдын 17-январы өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Кырсыктын себептерин иликтөө боюнча, өзгөчө иш-чараларды уюштуруу, кырсыктын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле каза болгондорго колдоо көрсөтүү максатында Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Өкмөттүк комиссиянын ишине ар тараптан жардам берүү максатында КР Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов башында турган Ведомстволор аралык топ түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий