• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дача СУдагы учактын кыйрашынан курман болгондор эскерилди

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Дача Су айылында «Боинг-747» жүк ташыгыч учагынын кыйрашынын кесепетинен каза болгондор эскерилди.

Ага байланыштуу президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, аткаминерлер, жарандар жана курман болгондордун жакындары каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекске гүл чамбар коюшуп, Куран түшүрүлдү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан.

Авиакырсыктын кесепетинен 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жарандары каза болгон.

Каргашалуу окуяга байланыштуу Дача-СУ айылында учактан каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылган.

Пикир

Оставить комментарий