• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

DAF жана MAN унааларынын дөңгөлөгү күйгөн. Сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы “Витязь” пансионатынын чатырынан өрт чыккан.

Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү күйгөн.

Баткен облусунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 213-чакырымында MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий