• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дагестандагы полицияга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.08.17 /Кабар/. Дагестандын Каспийск шаарындагы полициячыларга кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алды. Бул тууралуу террорчул аракеттерди иликтөө менен алектенген SITE Intelligence Group тобу билдирди.

Кол салуудан эки полиция кызматкери мерт болуп, кылмышты ишке ашырган адамдар атылып өлтүрүлгөн. Буга чейин "Кавказ.Реалии" сайты (RFE/RL долбоору) кабарлагандай, кол салуу болгон жерден ИМ тобунун атрибутикасы табылган.

Дүйшөмбү күнү Дагестандын Хасавюртск районунда контртеррористтик операция учурундагы атышуудан эки укук коргоо органынын кызматкери каза болуп, дагы бирөөсү жаракат алган.

Аймакта исламчыл согушкерлер полиция кызматкерлери менен кызмат адамдарына тез-тез кол салып турушат. Алардын айрымдары «Ислам мамлекетинин» мүчөсү экенин жарыялашкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий