• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дагы 13 адам. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 708ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 28-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 708 адамга жетти.

"Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 6, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 2 учур бар", - деп маалымдады өлкөнүн башкы санитардык дарыгери.

Пикир

Оставить комментарий