• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Дагы 13 адам. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 769га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 769 адамга жетти. Алардын ичинен 410 - аял, 359 - эркек.

"Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында– 3, Ош шаарында - 2, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусу – 4, Баткен облусунда - 2 жана Нарын облусунда - 1 учур бар. Алардын 4 - аял, 9 - эркек", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий