• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Дагы 13 адам. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 843кө жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 5-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 843 адамга жетти.

"Бир сутка ичинде Бишкек шаарында - 8 учур, Нарын облусунда - 5 учур катталды", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий