• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дагы 17 адам. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 682ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 26-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 682ге жетти.

"Жаңы катталган 17 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 7, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Баткен облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Ош облусунда - 2 учур бар", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий