• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дагы 21 адам. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 729га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 21 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 729 адамга жетти.

"Жаңы катталган 21 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 13, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 6 жана Баткен облусунда 1 учур бар", - деп маалымдады Акматова.

Пикир

Оставить комментарий