• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дагы 279 адам. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 5296га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 30-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 279 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 5 миң 296 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар;

Бишкек шаарында – 182
-Чүй облусунда - 36
-Ош шаарында - 1

-Ош облусунда - 1
-Нарын облусунда - 10
-Жалал-Абад облусунда - 7
-Ысык-Көл облусунда - 18
-Талас облусунда - 15
-Баткен облусунда - 9 жаңы учур.

Каратаев кошумчалагандай, жаңы катталган 279 учурдун ичинен сырттан келгендер – 2 (0,7 %), тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 277 адам (99,3 %).

Пикир

Оставить комментарий