• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дагы 5 адам. Өзбекстанда коронавирусту жалпы 65 адам жуктурду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктургандарын саны 65ке жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган ферганалык бейтаптын төрт тууганы да ооруну жуктуруп алган. Учурда алар Фергана жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда.

Коронавирусту дагы бир бирөө Ташкент облусунда жуктуруп алган. Ал вирусология илимий-изилдөө институтунда дарыланып жатат.

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий