• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дагы 9 адам. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 665ке жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 25-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 9 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 4, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 1 учур бар. Алардын ичинен 6 - аял, 3 - эркек.

Ошентип, 2020-жылдын 25-апрелине карата республика боюнча коронавирус жуккандардын саны 665 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий