• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Туристтик жагымдуулукту арттыруу. 9 өлкөнүн жарандарын КРга визасыз киргизүү демилгеленүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында белгилүү болгондой, мыйзам долбоорунун негизги максаты - КРнын туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу.

Маалыматка ылайык, 60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу сунушталууда. Алар Албания, Болгария, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд Королдугу, Мексика Кошмо Штаттары.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий