• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дагы беш адам: Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 23гө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус дагы беш адамдан аныкталды. Жалпы жонунан 23 адам илдетке кабылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматында, COVID-19 илдетин жуктурган алгачкы учур 15-мартта Франциядан келген жаранда аныкталган. Кечээ жуктургандардын саны 18ге жеткен.

Жалпысынан ооруну жуктургандар:

  • 15-мартта Стамбулдан учуп келген 6 адамда коронавирус аныкталган;
  • Алгачкы бейтаптын 12 тууганынан аныкталган;
  • 14-мартта Улуу Британиядан учуп келген 4 адамда табылды;
  • Дубайдан учуп келген 1 жүргүнчү илдетти жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий