• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дагы бир киши президенттикке талапкерликтен баш тартты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Дагы бир киши президенттикке талапкерликтен баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Турсунбек Жумабеков мурда тапшырган документтерин кайтарып берүүнү суранып, БШКга арыз менен кайрылган.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Учурда президенттикке талапкер болгон 47 киши калды:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  8. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  9. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  10. Кубан Чороев — экономист;
  11. Назарбек Нышанов — активист;
  12. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  13. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  14. Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  15. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  16. Урустам Кабылбеков - Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  17. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  18. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  20. Арсланбек Малиев - Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  21. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  22. Бакыт Романов - убактылуу иштебейт;
  23. Курсан Асанов - ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  24. Бакир уулу Турсунбай - «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  25. Ербол Токтогулов - иштебейт;
  26. Имамидин Ташов - ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  27. М. Болгомбаев;
  28. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  29. Садыр Жапаров – КР премьер-министри;
  30. Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты;
  31. Акжолтой Тукунов - «Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  32. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  33. Айбек Эркетаев - убактылуу иштебейт;
  34. Санжарбек Энназаров - «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  35. Жаныбек Сүйүналиев - убактылуу иштебейт;
  36. Кубанычбек Исабеков - «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  37. Базарбай Темишов - пенсионер;
  38. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  39. Бакыт Керимбеков - КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  40. Бабыржан Тольбаев - «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  41. Адилет Маматов - «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  42. Кубанычбек Токтосунов - убактылуу иштебейт;
  43. Улукбек Кочкоров - убактылуу иштебейт;
  44. Элдар Абакиров - убактылуу иштебейт;
  45. Абдил Сегизбаев - убактылуу иштебейт;
  46. Мирлан Калыбеков - убактылуу иштебейт;
  47. Саматбек Ибраев – ЖК депутаты.

Пикир

Оставить комментарий