• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дагы бир кытай компаниясы Кыргызстанда аэропорт курууга ниеттенүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаты Алмазбек Эргешов бүгүн, 23-мартта Кытай Эл Республикасынын Чун-Чин шаарынан келген «Жуан» компаниясынын инвесторлор тобу менен жолугушуп, эки тараптуу экономикалык алакаларды арттыруу менен, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жаатында пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, кытайлык инвесторлор менен кызматташтык мамилелер жандуу өнүгүп, алардын жардамы менен өлкө аймагында көптөгөн ири долбоорлор ишке ашырылууда. «Биз эл аралык каржы уюмдары менен катар, кытай ишкерлери менен да ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Анткени, өлкө аймагындагы ички инфратүзүмдөрдү жакшыртуу боюнча ишке ашырыла турган көптөгөн кызыктуу долбоорлор бар», - дейт Алмазбек Эргешов.

Ал эми «Жуан» компаниясынын аткаруучу директору Чин Вей өзү жетектеген компания мурда мамлекеттик ишкана катары түзүлүп, кийин 1997-жылдан тарта жеке менчикке чыгарылганын, азыркы учурда ал эӊ жогорку категориядагы курулуш дизайны боюнча ири компания болуп санала турганын белгиледи. «Биз азырынча Кыргызстандагы курулуш долбоорлору менен таанышып жатабыз. Мисалы, аэробекеттерди куралы деген оюбуз бар. Кыскасы, азыр биз кызыктуу долбоорлор таанышуу деӊгээлиндебиз», - дейт ал.

Депутат Алмазбек Эргешов Ош шаарынын жаӊы аэробекетин куруу боюнча даяр долбоор бар экенин, аны каржылоо боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок азырынча бир чечимге келише электигин эске салып, ага «Жуан» компаниясынын инвестор катары же куруучу катары катыша алар-албасына кызыкты. Чин Вей айым компания долбоорго катышып калса, курулуштун алгачкы этабында 250 млн долларга чейин инвестиция салууга кудурети жетерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий