• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дагы бир лицензия. Балбан Владимир Золоев Олимпиада оюндарына катышмай болду

Спорт 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Владимир Золоев Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Золоев (81 кг) 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 миң 380 упай топтоду.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону.

Эскерте кетсек, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына буга чейин Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Роман Петров (фехтование), Бакдөөлөт Расулбеков (оор атлетика) жана Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий