• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дагы бир өлкө желим идиштерди колдонууга тыюу салды

Дүйнө 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Ямайканын өкмөтү 2019-жылдын башынан тарта аралдын жашоочуларына жана конокторго желим идиштерди колдонууга тыюу салган, - деп кабарлайт Day.Az.

Мындай чечимди кабыл алууга аралда түзүлгөн экологиялык оор кырдаал түрткү болгон.

“Жамгырдан кийин айлананын баардыгы желим бөтөлкө, баштык жана башка идиштер менен жабылып калат. Бул сөзсүз түрдө жергиликтүү жашылча, өсүмдүктөргө зыян алып келүүдө. Биз туризмге көз карандуубуз жана биздин жээктер абдан баалуу. Ошол себептен биз азыртадан айлана-чөйрөбүздү сактап калуубуз керек”, - деп билдирет Кариб университетинин ректору Фриц Пиннок.

Анын айтуусунда, айлана-чөйрөнү коргоодон тышкары бул чечим өлкөдө таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу маданиятын жайылтууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий