• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дагы бир медаль. Кыргызстандык боксчу Диербек Тилавалдиев Азия чемпионатында коло утту

Спорт 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Диербек Тилавалдиев жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Турнир ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат.

Ражапов 54 килограммга чейинки салмак категориясында мелдештин 1/8 финалдык баскычтан баштады.

Кыргызстандык боксчу эки беттеште жеңишке четип, жарым финалга чыккан. 25-августта финалга чыгуу үчүн Диербек Тилавалдиев ирандык мушкер менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңилүү ызаасын тартты.

Бирок кыргызстандык мушкер аталган салмак категориянын акыркы протоколунда 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий