• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дагы үч адамдан коронавирус аныкталды. Алар менен бирге учуп келгендердин саны такталууда – Чолпонбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы үч адамдан коронавирус аныкталып, алар менен бирге учуп келгендердин саны такталууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус Сузак районунда үч адамдан аныкталган. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайтып келишкен. Алар келген учакта жалпы 144 адам (коронавирусту жуктурган үч адамды кошкондо) болгон. Алардын экөө Өзбекстанга чыгып кеткен. Калган 142 адам обсервацияга алынган. Алардын ичинде үчөөндө коронавирус аныкталса, калган 139 адамда коронавирус жок болуп чыккан. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Бүгүн саламаттык сактоо министри Ноокат районунда умрага барып келген дагы үч адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Ал белгилегендей, алар Ош аэропорту аркылуу учуп келген.

"Алар башка каттам менен келишкен. Алар боюнча Чек ара кызматынан жана аэропорттон маалымат алып жатабыз", - деди ал.

Учурда Кыргызстанда коронавируска жуктурган адамдардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий