• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дагы эки партия БШКга алдыдагы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстандын жашылдар партиясы” жана “Альянс” партиялары 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келди.

“Кыргызстандын жашылдар партиясынын” шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анель Алыбаева, финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жаңыл Аджибева. Ал эми “Альянс” партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Айназик Имаралиева, финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чынара Арзымбаева.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайоону дайындагандан кийин 5 календарлык күндүн аралыгында шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катышуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлашы керектигин эскертет.

Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюуга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазуу түрүндө маалымдоо берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00гө чейин.

Буга чейин БШКга "Социал-демократтар" жана “Улуттар биримдиги” саясий партиясынан ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий