• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дагы эки партия шайлоого катыша турганын билдирди. Жалпы 24 партия

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата-Журт Кыргызстан” жана "Адилет” саясий партияларынан 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.

БШКдан билдиришкендей, "Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Келсинбек Бектемиров, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Саида Болотакунова дайындалды.

"Адилет” партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Элчибек Эшенов, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Гүлсунай Керимкулова дайындалды.

Төмөнкү партиялар шайлоого катышууга белсенип жатат:

1. "Социал-демократтар"
2. “Улуттар биримдиги”
3. “Ишеним”,
4. "Альянс"
5.“Кыргызстандын жашылдар партиясы”
6. “Жаратман Эл”
7. "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия"
8. "Ата Мекен"
9. "Ыйман Нуру"
10. "Эл үмүтү социалдык саясий партия"
11. “Актив”
12. “Бийлик элге”
13. ”Акыйкат Кыргызстан”
14. "Ар-Намыс"
15. "Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы"
16. "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы” саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн
17. "Азаттык” демократиялык партия”
18. "Ынтымак”
19. "Аалам”
20. "Тилектештик”
21. "Социалист”
22. “Ак Бата”
23. "Адилет”
24. "Ата-Журт Кыргызстан”

Пикир

Оставить комментарий