• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дагы канча күн ысык болот? ӨКМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Өлкө аймагында дагы канча күн ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлө тургандыгын ӨКМден айтып беришти.

Билдирүүгө ылайык, 9-10-июль күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26°, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Эки күн бою (9-10-июль) абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
12-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-14 метрге жетиши күтүлөт.
13-14-июлдарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

15-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий