• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Дагы төрт адам Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 9.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Токтогул районундагы унаа кагылышынын кесепетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жалал-Абад облусунун ИИБнан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн болжол менен таңкы саат 7:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 321-чакырымында катталып, анда “Mercedes” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай “Volvo” унаасы менен кагылышкан.

Mercedes унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон, дагы үч адам Токтогул райондук ооруканасынан көз жумган.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 5нен 9-ноябрь аралыгында Кыргызстанда катталган ар кандай жол кырсыктарынан бардыгы болуп 26 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий