• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өзбекстандык Севинч Бахрамова табылды

Аймак 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өзбекстандык Севинч Бахрамова табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 24-июнь күнү Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тарабынан Өзбекстандын жараны 2003-жылы туулган Бахрамова Севинч Шерзод кызы дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга таратылган. Анда 2021-жылдын 3-май күнү 18 жаштагы Севинч Кыргызстандын аймагына кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз экендиги белгиленген.

Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан кыздын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар берилип, анын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыз Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан табылып, чоң энесине өткөрүлүп берилди.

Небереси табылганына кубанып турган чоң эне милиция кызматкерлерине, ЖМК өкүлдөрүнө жана жалпы кыргыз коомчулугуна ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий