• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделүүдө – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Дайынсыз жоголгон 2005-жылкы Жоошбаева Анаркүл Жаныбековна изделүүдө. Ал 2019-жылдын 18-февралында болжол менен саат 06:30-08:00дөр чамасында Таш-Дөбө айылындагы мектеп интернатынан чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнен кабарлашты.

Белгилери: бою 150-155 см, орточо дене түзүлүштөгү, көзү күрөң, чачы кара, тармал, ийинине чейин.

Кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара түстөгү бут кийим, кара шым, сары түстөгү сумка.

"Анаркүл Жоошбаеванын кайда экенин билгендер болсо, Аламүдүн райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 же 102 кызматына. Өспүрүм кыз буга чейин да качып кеткендигин эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий