• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылды – милиция

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан мурда жоголгон 13 жаштагы Саид Бебез аман-эсен табылды, - деп билдирет Бишкек шаардык ИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Свердлов райондук ИИБне И.Н., аттуу шаар тургуну кайрылып, 2007-жылдын 11-декабрында туулган Бебез Саид Идрисович аттуу уулу дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

21-сентябрда издөө иш-чарасынын жүрүшүндө болжол менен саат 22:00дөр чамасында Жаш Гвардия бульварындагы "Дельфин" бассейнинин жанынан дайынсыз жоголгон өспүрүм табылган. Милиция кызматкерлери табылган өспүрүм баланы ата-энесинин колуна тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий