• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Кундуз изделүүдө (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2002-жылкы Кубатбек кызы Кундузга издөө салат.

Облустук милициядан билдиришкендей, Кундуз 17-октябрь күнү саат 07:30дар чамасында Ивановка айылынын Молодежная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 168-170 см, орточо дене түзүлүштөгү, көздөрү кара, ичке, оозунун алдыңкы эрининде калы бар.

Кийимдери: кызыл-жашыл түстөгү согулган кардиган, көк түстөгү көйнөк, көгүш түстөгү шым жана кара түстөгү бут кийим.

Кубатбек кызы Кундуздун кайда экенин билгендер болсо, Ысык-Ата районунун ИИБисине төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 61-69-07, 0(707) 25-79-02 же “102” кызматына.

Пикир

Оставить комментарий