• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дайынсыз жоголгон 48 жаштагы Таасир Өмүркулов изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 48 жаштагы Өмүркулов Таасир Кадыркуловичти издеп жатат.

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, дайынсыз болуп жаткан киши 16-октябрда Жангарач айылынын Жыламыш көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кыска, көзү күрөң. Мезгилге жараша кийинип жүргөн.

Өмүркулов Т.К., кайда экенин билгендер болсо, Сокулук райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35-35-29 же "102" кызматына.

Пикир

Оставить комментарий