• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дайынсыз жоголгон Александр Прокопчук изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1973-жылы туулган Прокопчук Александр Ростиславовичке издөө салат. Ал 2020-жылдын 12-майында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кыска, күрөң түстө (кашкасы бар), көзү күрөң.

Кийимдери: үстүндө боз түстөгү ийининде көк чийиндери бар футболка, боз түстөгү спорттук шым, боз түстөгү жайкы бут кийим.

«Прокопчук Александрдын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү 0(312) 61-69-07, 0(701) 61-69-07,0(501) 10-00-51 », - деп айтылат Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий