• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Дайынсыз жоголгон израилдик кызды издөөгө ӨКМдин куткаруучу иттери тартылды

Аймак 0

Бишкек, 27.09.17. /Кабар/. Дайынсыз жоголгон израилдик кызды издөөгө ӨКМдин куткаруучу иттери тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрда Сары-Челек коругунда дайынсыз жголгон Израилдин жараны 1995-жылы туулган Хилла Ливнаны издөө үчүн 7 куткаруучу жана атайын даярдалган 2 ит Ош шаарынан жөнөп кетишкен.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2017-жылдын 23-сентябрында Израиль мамлекетинин эки жараны жана Франция мамлекетинин эки жараны туристтик багытта Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Сары-Челек коругуна келишкен.

Ошол эле күнү Израиль мамлекетинин эки жаранынын бирөөсү 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган.

2017-жылдын 24-сентябры күнү Сары-Челек коругуна жөнөткөн Кыргызстандагы туристтик фирма менен байланышып, окуя жөнүндө кабар берген. 25-сентябрь күнү саат 11:30дар чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылындагы туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар тарабынан аскадан кулап кеткен Городесен Нафад Едипьия табылып, алынып келип, жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми анын жанында бирге жүргөн 1995-жылы туулган Хилла Ливна ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

25-сентябрь күнү жабыркаган туристти ооруканага алып келээри менен жанында бирге жүргөн кыздын дайынсыз жоголгондугу тууралуу Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө кабар түшкөн.

2017-жылдын 27-сентябрында саат 08:00дө издөө иштери КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн орун басары капитан К. Саматовдун жетекчилиги менен жүргүзүлүүдө. Издөө иштерине Аксы райондук ички иштер бөлүмүнөн 23 кызматкер, жергиликтүү айыл тургундарынан 15 адам, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык №2 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, Сары-Челек коругунун кызматкерлеринен 5 адам жана Израиль мамлекетинен келген 4 куткаруучу бутунан жаракат алган Городесен Нафад Едипьия менен биргеликте, жалпысынан 58 адам тартылып, издөө иштерин улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий