• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дайыр Кенекеев: базар текчелериндеги малдардын эттери тийиштүү нормаларга жооп берерин текшеребиз

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев кечээ, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Коллегиялык жыйында 2017-жылы аткарылган иштер жана 2018-жылга коюлган маселелер каралды.

Ведомство жетекчилеринин 2017-жылда аткарылган иштери тууралуу докладдарын угуп, вице-премьер-министр инспекция малды идентификациялоо боюнча алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын белгиледи. Аны менен катар ал жакын арада чечүүнү талап кылган кемчиликтер да бар экенин айта кетти.

“Учурда өлкөнүн фитосанитардык тармагында бир катар көйгөйлөр бар. Биз аларды жигердүү чечүү үчүн конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп жана тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек»”, - деди Дайыр Кенекеев.

Дайыр Кенекеев көзөмөлдө алдындагы объектилерди көзөмөлдөө абдан төмөн деңгээлде жүрүп жаткандыгын жана азыркы учурга чейин аталган объектилерди каттоо иши аягына чыга электигин белгиледи. Буга байланыштуу ал ушул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Вице-премьер-министр жаныбар аркылуу берилүүчү малдардын вирустук инфекция ооруларынын төмөндөшү боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү белгилеп, бул маселе боюнча көзөмөлдү мындан ары дагы күчөтүү тапшырмасын берди.

“Ошондой эле аймактардагы мал союучу жайларды жана мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барышы керек. Биз базар текчелериндеги малдардын эттери тийиштүү нормаларга жооп берерин текшеребиз”, - деп белгиледи Дайыр Кенекеев.

Ошондой эле, вице-премьер-министр кайталаган функцияларды жок кылуу үчүн бул жааттагы мамлекеттик структураларды оптимизация жана реорганизация кылыш керектигин белгиледи.

“Азыркы учурда өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарында ишмердүүлүктү оптимизациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде 516 штаттык бирдикти кыскартуу болот. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти менен Өсүмдүктөрдүн карантин департаменти бириктирүү керек болот”, - деди Дайыр Кенекеев.

Пикир

Оставить комментарий