• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дайыр Кенекеев «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 3- мартта, Ош облусундагы «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин инспекциялады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратанын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев көзөмөл-өткөрүү пунктундагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Кыйынчылыктар жана ыңгайсыздыктар кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда. Бирок бүгүн кошумча түрдө төрт: 2 – республикага кирүү, 2 – республикадан чыгуу үчүн кабина орнотулат. Бүгүнкү күндө «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өтүп жаткан Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны күнүнө 7 ден 11 миң адамга чейин жетүүдө», - деди Уларбек Шаршеев.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды. Мындан тышкары ал учурда Өкмөт тараптан КР Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин санын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын маалымдады.

«Өзбекстан Республикасы чектөөлөрдү алып салган соң, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өткөн жарандарды саны көбөйгөн. Эми биздин алдыбызда аталган өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү жарандар үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо милдети турат. Мындан тышкары, мамлекеттик чек арага жакын жерде 35 турак-жай жайгашкан, анын 32си мамлекет тарабынан сатылып алынган, калган үч турак-жай боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Сатылып алынган объектилер жайгашкан жер тилкелери «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун мындан ары карай модернизациялоо жана кеңейтүү үчүн пайдаланылат», - деп белгиледи вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жолдун кеңейтилиши пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруучу жол жээгиндеги курулган турак-жай жана башка курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча инвентаризациялоо жүргүзүүнү тапшырды.

Эскертсек, учурда 2018-жылдын январь айынан тарта «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы паспорттук контролдоо иши 10 кабинада жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий