• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дайыр Кенекеев Нарында ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.03.18 /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 31-мартта, КР Өкмөтүнүн «Таза жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Нарын шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Нарын шаарындагы Жукеев-Пудовкин паркында өткөн ишембиликке өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышып, вице-премьер-министрге Жукеев-Пудовкин паркын реконструкциялоо долбоору менен тааныштырды.

«Ошондой эле реконструкциялык иштер Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп жатат. Паркты оңдоого шаардын бюджетинен 1 млн 760 миң сом бөлүндү»,- деп маалымдады Эмилбек Алымкулов.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев мындай ишембиликтер шаарды көркүнө гана келтирбестен, шаар жана айыл тургундарынын ынтымагын бекемдерин белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий