• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дайыр Кенекеев «Таза жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 3- мартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таза жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратанын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Ош шаарынын «Жибек Жолу» паркында өткөн ишембиликке Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышты, анын айтымында, мындай иш-чаралар жалпы шаар боюнча өтүүдө, кампанияга катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана шаар тургундары тартылган.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев белгилегендей, шаар көчөлөрүн, парктарын, турак-жайга караштуу тилкелерди көрктөндүрүү, таштандыларды жыйноо жана бак-дарактарды отургузуу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү зарыл.

«Региондорду өнүктүрүү жылы жарыялануусуна байланыштуу Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган кампанияны өткөрүү жөнүндө буйрукка кол койгон», – деди ал.

Ал белгилегендей, Ош шаары өлкөнүн башка шаарларынан жарыктандырылган жана таза көчөлөрү менен айырмаланат, бул шаар тургундарын жана келген меймандарды кубандырат.

«Шаар мындан ары карай өнүгүшү керек жана биз өзүбүз тараптан өлкөбүздүн тургундарынын жашоосу, иштөөсү жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен биздин шаарларды өнүктүрүүгө колдон келген күч-аракетибизди жумшайбыз. Убакыттан пайдалануу менен Ош шаарынын жашоочуларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм жана мекендештерге бакыт-таалай, гүлдөп-өсүүнү, ал эми республикабызга туруктуулукту жана өнүгүүнү каалайм», – деп кошумчалады вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев.

Пикир

Оставить комментарий