• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Орунбеков: 2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. 2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу чек арада жайгашкан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат.

Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк:
2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом;
2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү төлөмдөр:

Бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан кийин 8000 миң сомго жогорулаган. Майыптын категориясына жараша төлөмдөр 100%дан 200%га чейин кошулду.

Ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр:
2022-жылдан тарта, жарым жетим балдардыкы 1000 сомдон 3000 сомго, томолой жетим балдардыкы 2000 сомдон, 6000 сомго көтөрүлдү.

Жалпы бюджети:

2021-жылы 4 млрд 136 миң 685 миң сом;
2022-жылы 7 млрд 910 млн 498 миң сом.

Персоналдык ассистент (дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын камкорчусу):

Мурда 4000 сом болсо, 2022-жылдан тарта 6300 сомго жогорулады.

Жалпы бюджети:

2021-жылы 491 млн 589 миң сом;
2022-жылы 805 млн 933 миң сом.

Интернат жатак үйлөрүндө жашаган майыптыгы бар жана улгайган жарандардын бир күндүк тамак ашына каралуучу төлөмдөргө эки эсе кошулду: Бул үчүн 2021-жылы мамлекет бюджетинен 79 млн 558 сом каралса, 2022-жылы 166 млн 938 миң сом бөлүнгөн.

"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген. Быйыл, 2023-жылга 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул каражат чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат", - деп кошумчалады Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий