• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Даккадагы өрттөн кеминде 60 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Бангладештин борбору Дакка шаарындагы өрттөн кеминде 60 адам каза болду. Бул тууралуу BBC'нин орус кызматы жазып чыкты.

Өрт кечээ, шаршемби күнү кечинде шаардын эски кварталындагы төрт кабаттуу үйдө башталган. Жалындаган өрт бир заматта ага жакын турган үйлөргө тарап, жанындагы төрт имаратты өрт каптаган.

Белгилей кетсек, өрт чыккан үйдүн биринчи кабатында химиялык заттар сакталганы айтылууда.

Бейшемби күнү эртең менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү BBC'ге 60 адам каза болгонун билдирген.

Ал эми Өрт кызматынын башчысы Али Ахмед Франс пресс агенттигине маалымдаганы боюнча, өрттүн келип чыгышына газ баллон себеп болушу мүмкүн. Андан кийин ал химиялык заттар турган бөлмөлөргө жеткен.

Белгилей кетсек, Бангладеште өрт коопсуздугу жагында олуттуу маселелер бар.

Пикир

Оставить комментарий